Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Дүйнөлүк IT-корпорациялардын салык төлөө жобосу өзгөрдү


"Чоң жетинин" каржы министрлери жана ири каржы уюмдарынын өкүлдөрү Лондондо өткөн жыйындан кийин. 5-июнь, 2021-жыл.
"Чоң жетинин" каржы министрлери жана ири каржы уюмдарынын өкүлдөрү Лондондо өткөн жыйындан кийин. 5-июнь, 2021-жыл.

Дүйнөлүк ири державалардын - "Чоң жети" тобунун көп жылдык талкуусунан соң, "санарип салыгынын" реформасына ылайык, Apple, Google, Amazon жана башка ири IT-корпорациялар салыкты мурункудай өздөрү катталган жерде гана эмес, киреше алган жерде да төлөөгө милдеттендирилди. Буга чейин көптөгөн IT-корпорациялар салык аз төлөнгөн өлкөлөрдө каттоого турушканы кабарланган.

Британиянын каржы министри Риши Сунак "Чоң жетинин" финансисттери Лондондо өткөргөн жыйын боюнча маалымат берип, катышуучулар "санарип салыгы" глобалдуу санарип дооруна ылайыктуу болушу зарылдыгына" токтолгонун айтты.

"Би-Би-Синин" маалыматына караганда, кирешеси 315 млрд. долларлык Microsoft компаниясынын Ирландиядагы филилалы бул өлкөгө бир тыйын салык төлөбөй келген. Анткени, компания расмий түрдө Бермудда катталган.

Реформага ылайык, ири корпорациялардын киреше салыгы бирдиктүү түрдө кеминде 15% болууга тийиш.

"Чоң жети" тобу жетишкен келишимди Германиянын каржы министри Олаф Шольц "салык революциясы" деп атады. "Немис толкуну" радиосу маалымдагандай, Шольц бул келишимди башка мамлекеттер да кабыл алышы керек деген пикирин билдирди. Дүйнөдөгү 20 ири мамлекеттин отуруму июль айында Венецияда өтөт.

"Чоң жети" тобуна дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн жети мамлекет - Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШ кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG