Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Токтогулда суу көбөйө баштаганы жарыяланды


Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.
Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 6-июнга карата 10,4 млрд. куб метрге жетти. Бул тууралуу "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасы кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 1003 куб метр болсо, андан агып чыккан суунун көлөмү 412 куб метр болууда.

Март айынын аягында суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 млрд. куб метрге чейин азайган.

Токтогул суу сактагычына 19,5 млрд. куб метр суу батат.

2007-2008-жылдары "Токтогулдагы" суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келишет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG