Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Беларуста телеграм-каналдын авторлору камалды


Беларуска байланыштуу Украинада өткөн нааразылыктар. 28-май, 2021-жыл.
Беларуска байланыштуу Украинада өткөн нааразылыктар. 28-май, 2021-жыл.

Беларуста “97% айдоочулар” ("Водители 97%") телеграм-каналынын авторлору коомдук тартипти бузууну уюштурууга айыптуу деп табылды. Бул тууралуу Беларустун Башкы прокуратурасы кабарлады.

Билдирмеде айтылгандай, үч шектүү эки жыл, алты айдан эркинен ажыратылды, дагы бирөө үч жылга камалды. Айыптоочу тарап “алар адамдарды нааразылык акцияларын өткөрүү тактикаларын үйрөтүп, билдирүүлөрдү жасап турушкан” деп билдирет.

Прокуратуранын жүйөсүндө, бул башаламандыктарга, жолдорду жабууга жана мекеме-ишканалардын жумушунун үзгүлтүккө учурашына алып келген. “97% айдоочулар” каналы беларус бийлиги тараптан экстремисттик деп табылган.

2-июнда Беларустун президенттик кызматына мурда талапкер болгон Светлана Тихановская масштабдуу репрессиялардын фонунда өлкөдө кайрадан шашылыш шайлоолорду өткөрүүнү талап кылган. Тихановская мындай билдирүүсүн каршылык акцияларында кармалган Степан Латыпов күн мурун өткөн соттук отурумда коюлган айыптарга макул эмес экенин айтып, өзүнүн кекиртегин кесүүгө аракет кылгандан кийин жасады.

“Мунун баары соңку тогуз айдан бери уланып жаткан репрессиялар туу чокусуна чыга электигин жана репрессиялардын масштабы дагы күч аларын көрсөтүп турат”, - деген Тихановская. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG