Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

COVID-19: Беш адам каза болду, 413 бейтап жаңы катталды


Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 413 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен беш адам каза болду. Бул тууралуу 5-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Чүй облусунун тургундары.

Жаңы катталгандардын көбү Бишкек шаарына (157) жана Чүй облусуна (98) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда беш-ондон учур катталды.

5-июнга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 320 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 106 миң 636 кишиге жукту. Анын 100 миң 114 айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 1842 адам кайтыш болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG