Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Таласта кызды өлтүрүүгө шек саналган жигиттин сөөгү асылган абалда табылды


Кыргызстандын милициясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын милициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын 19 жаштагы тургунунун (А.Т.) сөөгү 5-июнда асылган абалда табылды. Бул тууралуу маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы ырастады.

Маалыматка ылайык, ал ушул эле райондун Жаңы-Жер айылындагы 18 жаштагы кызды атып кеткен деп шек саналып жаткан. Ага издөө жарыяланган болчу.

Кыздын сөөгү 4-июнда токтоп турган автоунаанын ичинен табылган. Текшерүү учурунда ал ушул айылдын 2003-жылы туулган тургуну экени жана ок атуучу куралдан жараат алганы аныкталган.

Кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу дагы бир жаран Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүгүнө жеткирилген. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Кыргызстанда бул кыздардын өмүрүнө кол салган биринчи учур эмес. Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде 27 жаштагы Айзада Канатбекова никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалып, зордукталып өлтүрүлгөн. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев Айзада Канатбекованы футболка менен муунтуп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген.

2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.(MKt\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG