Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Баткен жана Согд облустарынын башчылары телефондон сүйлөштү


Баткендин Ак-Сай айылы. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткендин Ак-Сай айылы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен 4-июнда телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан кабарлашты.

Жетекчилер эки облустун чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо темасын кеп кылышты. Алар буга чейин эки тараптын келишими менен түзүлгөн милициянын жана чек арачылардын биргелешкен постун, жөө патрулдардын ишин күчөтүү менен чек арадагы элди дүрбөлөңгө түшпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү дагы бир сыйра макулдашты.

Аймак башчылар эки тарап тең чек арага аскердик күчтөрүн алып кирбөө жана жайгаштырбоону туура көрүштү.

Облус башчыларынын тапшырмасы менен чектеш жайгашкан Баткен-Исфара, Лейлек-Гафуров райондорунун акимдери жолугушту.

Жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү менен биргеликте, чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барышууда.

Баткен облустук администрациясы кабарлагандай, учурда Тажикстан менен чек ара аймактарында абал тынч. Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, кырдаалды көзөмөлгө алып жатат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынынын Баткен облусуна туш келген аймагында быйыл 28-29-30-апрель жана 1-май күндөрү ири жаңжал орун алган. Андан кыргыз тараптан 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун кыргызстандык жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган. (JsA\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG