Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Кодуранова: КСДП лидерлигин Өмүрбек Бакировго өткөрүп берүү мыйзамсыз


Асел Кодуранова
Асел Кодуранова

Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун фракция лидерлигин убактылуу депутат Өмүрбек Бакировго өткөрүп бергени мыйзамсыз экенин билдирди.

“Фракцияны чогултуп, анан убактылуу лидерди шайлайлы деш керек эле. Иса Өмүркулов 2020-жылы парламенттик шайлоонун астында "КСДП партиясынан чыктым" деп арыз жазган. Арыздын түп нускасы бар. Анын фракция лидерлигинин мыйзамдуу экени талаштуу. Фракция лидерлигинен кетсе орун басарына өтүш керек болчу. Орун басары Төрөбай Зулпукаров, ал камакта. Ошондуктан фракциянын депутаттарын чогултуп, анан лидерди же убактылуу лидерди шайлашыбыз керек болчу. Эч кимге айтпай-дебей Өмүрбек Бакировго таштап кетиптир. Бакировго каршылыгым жок, бирок бул мыйзамсыз чечим болду”, -деди Кодуранова.

Депутат Иса Өмүркулов чет өлкөгө узак убакытка дарылануу үчүн кетип жатканына байланыштуу фракция лидерлигин убактылуу депутат Өмүрбек Бакировго, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын лидерлигин убактылуу “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловаго өткөрүп бергени тууралуу КСДП фракциясынын депутаттарына кат жолдогону белгилүү болду.

Иса Өмүркулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев негиздеген КСДП партиясы менен Жогорку Кеңештин үч чакырылышына депутат болгон. Ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Райымбек Матраимов артында турат деген "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен шайлоого катышкан.

2020-жылдын октябрь айынан бери Жогорку Кеңештин бир нече фракциясында лидерлер алмашты. "Кыргызстан" фракциясынын башына депутат Бейшеналы Нурдинов, "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигине Сайдулла Нышанов шайланган.

Кечээ, 3-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы болуп депутат Тазабек Икрамов шайланды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG