Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Президент Жапаровду коштоп жүргөн автоунаа кырсыкка учурап, офицер каза болду


Ысык-Көлдүн жээги
Ысык-Көлдүн жээги

Президент Садыр Жапаровду коштоп бараткан кортеждин бир автоунаасы Ысык-Көл облусунда кырсыкка кабылып, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) 9-кызматынын бир офицери каза болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаровду коштоп бараткан автоунаа Ысык-Көл районунун Ананьево айылында каршы тилкеге чыга калган жеңил машина менен сүзүшкөн. Алдын ала маалыматта айтылгандай, каршыда келаткан машинанын айдоочусу мас болгон. Кырсыктан үч адам жабыркады.

Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна барары тууралуу маалымат эч жерде айтылган эмес. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG