Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Чоң-Алайга учуп бараткан тик учак Ноокатта кырсыктады


Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Чоң-Алай районуна учуп бараткан Коргоо министрлигинин тик учагы Ош облусуна караштуу Ноокат районунда конууга аргасыз болду. Тик учакта он чакты адам болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, үчөө ар кандай жеңил жаракат алган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Катуу конуп алган МИ-8 МТ тик учагы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө таандык болгон жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев түшкөн экинчи тик учакты коштоп бараткан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кичи-Алайда кырсыкта жаракат алган адамдар тууралуу маалымат түшкөнүн ырастады жана окуя болгон жерге үч "Тез жардам" тобу жөнөп кеткенин билдирди.

Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-июнда эртең менен Чоң-Алайга учуп барган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Чек ара кызматы тажикстандыктар чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайканын билдирди.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG