Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Башкы штаб: Кырсыктаган тик учак боюнча кызматтык иликтөө башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы штаб Ош облусунун Ноокат районунда кырсыкка учураган тик учак тууралуу кошумча маалымат таратты.

Анда 4-июнда саат 12:45 аралыгында Куралдуу күчтөрүнүн тик учагы Ош облусунун Ноокат районунун Кичи-Алай айылынын аймагында аргасыз конгону, катуу конуунун жыйынтыгында тик учактан өрт чыкканы айталат.

Башкы штаб акыркы маалыматтар боюнча учактагы 15 адамдын (12 киши жана 3 экипаж мүчөлөрү) ичинен үчөө ар кандай деңгээлде күйүк алышканын билдирди.

Буга чейин Коргоо министрлиги кырсыктаган тик учакта он адам болгонун, үчөө ар кандай деңгээлдеги жеңил жараат алганын билдирген.

Жабыркагандар "Тез жардам" менен Ош облустук бириктирилген ооруканасына жөнөтүлгөн.

Башкы штаб тик учактын кырсыкташына байланыштуу кызматтык иликтөө башталганын билдирди. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG