Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Парламенттин комитети Инандыны издөөгө байланыштуу маселени карайт


Жогорку Кеңештин имараты. 17.05.2021
Жогорку Кеңештин имараты. 17.05.2021

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды боюнча маселе 7-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде каралат.

31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан Инандыны издөө иштери тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын угуу кечээ 3-июнда Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилген. Бирок белгисиз себептерден улам маселе күн тартибинен алынып салынган.

3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Инандыга байланыштуу укук коргоо органдары менен кеңешме өткөргөн.

Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

4-июнда төртүнчү күн катары менен Орхан Инандыны табуу талабы менен митинг өттү. “Сапат” билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү Инандыны тапкандарга миллион доллар сый акы жарыялашты.

Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG