Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Майдан-Талдан табылган байыркы сүрөт


Майдан-Талдан табылган петроглиф.

Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Жайылган айылына караштуу Кашка-Суу, Чат жана Майдан-Тал жайлоолорунун ортосунда Тагайматтын үңкүрү бар. Ушул айдын башында үңкүрдүн жанындагы зоокадан байыркы таш жазуу табылганын жергиликтүү жашоочулар сүйүнчүлөдү.

Биздин айылдын калкы Кашка-Суу өзөнүнөн түтүк менен келген таза сууну ичет, - дейт айыл башчы Ибрайим Пирбиев.

Ошол өзөндүн нугуна чакан суу сактагыч куруп, Майдан-Тал жайлоосуна мини-канал салабыз деп жазган долбоорум жактырылган соң, курулуштун ордун уулум Кубатбек экөөбүз изилдеп жүрүп, ушул таберикти таптык. Анан сиздер аркылуу элге, биринчи кезекте таш эстеликтер боюнча адистерге кабарлоону чечтик.

- Суу сактагыч курулса, үңкүр менен ушул таш суу астында калып кетпейби?

- Топтолгон суунун деңгээли бул үңкүргө жетпейт. Саймалуу таш зооканын башында экен. Плотинанын бийиктиги 10 метрдей болуп, кышкысын бекер агып жаткан суу 1,5 млн. кубдан ашык көлөмдө топтоло берет. Кудай буюрса, бул суу Жайылган, Мукур, Ак-Сай, Дувана, Кара-Шоро, Кашат, Кара-Сай айылдарына караштуу сугат жерлерге пайдаланылат. Элдин деми менен бүтө турган суу сактагыч кийинки муундарга бизден таберик болот деп ишенем.

Азыр пенсиядамын. Жайылган айылынын эл башчысы кылып шайлап коюшту. Элдик чайкана менен мечитти капиталдык оңдоодон өткөрдүк. Көп жылдык эмгегимди баалап, Ардак грамота, алкыш каттарды ыйгарышкан. Оорукананын курулушун ийгиликтүү ишке ашырганым үчүн өкмөт “Жигули – 2106” маркасындагы машине менен сыйлаган. Үч кыз, беш уулдун атасы, жыйырма эки неберенин чоң ата, таятасымын.

Ибрайим Пирбиев (паспортунда “Иброхим Пириев” деп жазылган) – куруучу. 1956-жылы туулган. 1978-жылы Дүйшөмбүдөгү жана курулуш техникумунун архитектура бөлүмүн бүтүрүп, техник-архитектор адистигине ээ болгон. Жайылганда оорукананын хирургия, терапия, төрөт, рентген бөлүмдөрүн курууга архитектор катары жетекчилик кылган. Механизацияланган көчмө колонналарда иштеп, Соода бирикмесинин Лакшы керек-жарак коомунун кеңселерин, кампаларын, ошондой эле базарларынын, дүкөндөрдүн, наабайкананы жана авто май куйгуч жайдын куруу долбоорлорун иштеп чыккан. 2004-жылы Жайылганда аскер бөлүгүнүн казармасы, комендатурасы, окуу корпусу, кароолканасы, кеңсеси, офицерлер үчүн турак жайлар да Пирбиевдин чиймелери боюнча тургузулган.

Айтмакчы, Ибрайим акенин чоӊ атасы бүтүндөй Каратегин өрөөнүнө аты чыккан уста Пиржан Октябрь революциясына чейинки акыркы бийлердин бири болуптур. Ошондуктан Пир бий атыгып, кийин документтерге “Пирбий” деп жазылган экен. Совет бийлиги орногондон кийин ал жалаң гана усталык менен алектенип калган экен. Чоӊ-Алайдын Көк-Суу айылындагы бир да мык какпай, дубалын сынч менен тургузуп, үстүн арча менен кынап жапкан мечити азыр да сакталган дешет. Анын уулу ыраматылык Шарабидин аксакал да чоң уста эле.

Даярдаган Жолдош Турдубаев, публицист

Тажикстанда буга чейин тажик тилинин макамын көтөрүү максатында жер-суунун түркий аталыштары өзгөртүлгөн. Буга байланыштуу этникалык кыргыздар жашаган Жерге-Тал району азыр Лахш деп аталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG