Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

Инандыны тапкандарга бир миллион доллар сый акы жарыяланды


Орхан Инанды
Орхан Инанды

Дайынсыз жоголгон "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны тапкандарга бүтүрүүчүлөрдүн атынан 1 милион доллар сый акы берилет. Бул тууралуу 4-июнда өкмөт үйүнүн алдында өтүп жаткан митинг учурунда аталган окуу жайынын бүтүрүүчүсү Нурсултан Майназаров билдирди.

Төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны табууну талап кылгандар 4-июнда дагы өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.

Инандыны табууну талап кылгандар 1-2-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында митинг өткөргөн. 3-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулган.

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Коопсуздук кеңшинин катчысы Марат Иманкулов 3-июнда дайынсыз жоголгон Орхан Инандыга байланыштуу укук коргоо органдары менен кеңешме өткөрүп, аны издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG