Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Кумтөр: Эрбол Султанбаев камоолор тууралуу дооматты четке какты


Кыргызстан. Эрбол Султанбаев. Президенттин басма сөз катчысы.
Кыргызстан. Эрбол Султанбаев. Президенттин басма сөз катчысы.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Кумтөр ишине” байланыштуу соңку камакка алуулар тууралуу билдирүү таратты.

Анда бул кылмыш иштерин саясат менен байланыштырып, саясий куугунтук катары баалоо – орунсуз экени айтылган.

“Бул иштер саясий куугунтук, саясатка байланыштуу“ деген сыяктуу билдирүүлөр — орунсуз. Жүргүзүлүп жаткан иштерден саясий себеп издеп, тергөөнүн объективдүүлүгүнөн шек санаган айрым жарандардын сөздөрүндө эч кандай негиз жок. Мен бардык тараптарды сабырдуулукка чакырар элем. Чекитти тиешелүү компетенттүү органдар коюшу керек”, деп жазылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, Тазабек Икрамов 2-июндагы парламент отурумунда депутаттарды камакка алуунун мыйзамдуулугу тууралуу маселе көтөргөн. Депутат Канат Исаев 3-июндагы парламент жыйынында “Кумтөр иши” боюнча камалган саясатчыларды үй камагына чыгарууну суранган.

31-майда "Кумтөр иши" боюнча депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров эки айга камакка алынган. 2-июнда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев эки айга камалган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG