Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Журналист Бүбүкан Досалиеваны эскерүү иш-чаралары өтүп жатат


"Ала-Арча" көрүстөнү.
"Ала-Арча" көрүстөнү.

Бишкекте бүгүн 4-июнда чыгаан журналист Бүбүкан Досалиеваны эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. "Ала-Арча" көрүстөнүндө маркумга эстелик орнотулуп, куран окулду.

Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн.

Эмгек жолун Республикалык балдар китепканасында библиограф болуп иштөөдөн баштаган. Журналисттик кесибинин алгачкы жылдары КТРК, «Сары Өзөн Чүй» радио, телеканалдарында иштеп, эгемен доордогу кыргыз журналистикасын жаңы деңгээлге чыгарууга олуттуу салым кошкон.

1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп келди. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

Бүбүкан Досалиева эмгек жолунда журналисттик кесибине илимий-педагогикалык ишти да айкалыштырды. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук, Бишкек мамлекеттик университеттеринин журналистика, радио-телекөрсөтүү кафедраларында доцент, кафедра башчысы, окутуучу, улук окутуучусу болуп иштеп, жүздөгөн шакирттерди тарбиялады.

Бүбүкан Досалиева саясий илимдердин кандидаты, «Кыргызстандагы ММКлар: саясий-укуктук өңүт» аттуу илимий монографиянын, 50дөн ашык илимий эмгектин, «Энелер жөнүндө баллада» аттуу коомдук-популярдуу китептин автору, «Төрөкул Айтматов» аттуу китептин түзүүчүсү болгон.

2010-2012-жылдары Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеди.

1994-жылы Эл аралык Айтматов коомдук академиясынын журналистика боюнча академиги, 2015-2017-жылдары КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон.

2003-жылы өлкө президентинин «Алтын калем» сыйлыгынын лауреаты болгон.

2005-жылы журналистикага сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген мамлекеттик наам ыйгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG