Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Инандыны табууну талап кылгандар дагы митингге чыкты


Орхан Инандыны табуу талабы менен чыккандар. 03.06.2021
Орхан Инандыны табуу талабы менен чыккандар. 03.06.2021

Төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандар кайрадан өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Митингге эки жүздөн ашык адам катышууда, арасында мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов дагы бар.

Инандыны табууну талап кылгандар 1-2-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында митинг өткөргөн. 3-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулган.

Коопсуздук кеңшинин катчысы Марат Иманкулов 3-июнда дайынсыз жоголгон Орхан Инандыга байланыштуу укук коргоо органдары менен кеңешме өткөрүп, аны издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган.

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG