Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Ишкерлер жазык-укук кодекстерин өзгөртүүгө каршылыгын билдиришти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ишкерлер коомчулугу Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстердин жаңы редакциясын кабыл алууга каршы. Бул тууралуу 3-июнда Бишкекте Экономика жана каржы министрлигинин, Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жана Бизнес-омбудсмендин демилеси менен уюштурулган талкууда айтылганын Эл аралык ишкерлер кеңеши кабарлады.

Уюмдун маалыматына караганда, жыйында аталган кодекстердин жаңы редакциясын артка чакыртып алуу керектиги айтылды.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков мындай реформаны ырааттуу түрдө, так максат коюп, эл аралык тажрыйбаны жана кесепеттери кандай болорун эске алуу менен жүргүзүү керектигин, болбосо жыйынтыгы тобокелдиктерди жаратарын айтты.

Ишкерлер эгер кодекстер өзгөртүлсө прокуратура жана күч органдары кошумча, ашыкча ыйгарым укуктарга ээ болуп, жорук-жосундун баары кылмыш катары жазалана баштарына кооптонуу билдиришти.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстандагы соттук-укуктук реформанын алкагында жазык-сот системасында олуттуу жетишкендиктер болгонун, бирок кемчиликтер да бар экенин, калк гана эмес, кодекстерди иш жүзүндө түздөн-түз колдонуп жаткан адистер да айтып жатышканын 2-июнда Бишкекте өткөн талкууда белгилеген.

Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) – 2000-жылы европалык инвесторлор Кыргызстандын инвестициялык шарттарын жакшыртуу жана экономикасын өнүктүрүү максатында түзгөн коммерциялык эмес уюм.

Кыргызстанда 2012-жылы укуктук-соттук реформа башталып, 2017-жылы Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстери жаңыланган жана алар 2019-жылы иштей баштаган.

Бул кодекстерди кайра өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору быйыл 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду. Жаңыртылган долбоорлорду 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн эксперттик топ иштеп чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG