Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

"Бир дүйнө" Азимжан Аскаров тууралуу президентке кайрылды


Июнь коогасынын курмандыктары үчүн тургузулган эстелик.
Июнь коогасынын курмандыктары үчүн тургузулган эстелик.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" укуктук кыймылы президент Садыр Жапаровго 2010-жылдагы трагедиялуу июнь окуяларынын 11 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду.

Анда июнь коогасына жооптуулар жазага тартылып, маркум Азимжан Аскаровдун иши кайрадан изилденсин деген өтүнүч камтылган. Анда "адилет сот акыйкаттыгы укугунан ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун стратегиялык маанидеги кейси акыры Акыйкаттыкка жетет деп үмүт кылабыз. Биз сизге ишенебиз жана сизден эң жакынкы убакта акыйкаттыкты күтөбүз", деп жазылган

2010-жылдагы июнь коогасында калайман башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 69 жаштагы Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болгон.

Расмий маалыматтар боюнча 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жаракат алышкан.

Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын он тогузу ушул күнгө чейин табыла элек. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG