Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Укук коргоочулар Пакистанда журналисттерге басым күчөгөнүнө тынчсызданды


Пакистандык журналист иш учурунда
Пакистандык журналист иш учурунда

Бир нече укук коргоо уюму Пакистандагы журналисттерге кол салуулар көбөйүп жатканына камтачылыгын билдирди. Human Rights Watch, Amnesty International жана Юристтердин эл аралык комиссиясынын биргелешкен билдирүүсүндө Пакистан бийлигин маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кол салууларды иликтөөгө чакырышты.

Соңку учурда бир нече тажрыйбалуу журналист коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам ишмердигин токтотууга аргасыз болгон. Жеке менчик Geo TV телеканалы обого чыкпай, өлкөдөгү англис тилдүү гезиттин баслышына бийлик тоскоолдук жаратты. Мындан сырткары Пакистан армиясын сындап жазган бир нече баяндамачы аскерлердин басымына кабылганын айтып чыгышкан.

Мындан улам укук коргоочулар бийликтин кемчилигин ашкере кылган журналисттерге басымды токтотууга үндөп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG