Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Чек ара: Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга чукул учуп кетти


Чек ара кызматы тажик тарап такталбаган “Унжу-Булак” чек ара тилкесине контейнер койгонун билдирди.
Чек ара кызматы тажик тарап такталбаган “Унжу-Булак” чек ара тилкесине контейнер койгонун билдирди.

Министрлер кабинети Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган абалга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга учуп кеткенин кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев менен кошо Чоң-Алайга Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдулат Мырзаев кетти.

Министрлер кабинети Тажикстандын аскерлери такталбаган чек ара тилкесинде кандайдыр бир иш-аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча мурда жетишилген сүйлөшүүлөрдү бузуп, Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келип, такталбаган “Унжу-Булак” чек ара тилкесине контейнер койгонун билдирди.

Чек ара кызматынын таңкы саат 5теги маалыматына караганда, түнкү саат 3тө Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак тилкесинде абал чыңалып, ошол жерге тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Мекеменин саат таңкы 6дагы абал боюнча маалыматына ылайык, тажикстандыктар мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайтышты.

Түзүлгөн чыңалуудан улам кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн режимде нөөмөт өтөп жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG