Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Президенттик администрация: Азыркы мыйзам ЖКга шайлоо дайындоого жол бербейт


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Конституциянын жана шайлоо мыйзамдарынын азыркы жана буга чейинки редакцияларынын ортосундагы карама-каршылыктар Жогорку Кеңешке жаңы же кайра шайлоо дайындоого азырынча мүмкүнчүлүк бербейт. Бул тууралуу 4-июнда президенттик администрация билдирди.

Администрация тараткан билдирүүдө 2020-жылдын 22-октябрында парламент депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын айрым нормалары токтотулганы жана жаңы шайлоо быйылкы жылдын 1-июнуна чейин жарыяланашы керек болгону, бирок быйыл 5-майда күчүнө кирген жаңы Конституцияда Жогорку Кеңешти шайлоо тартиби өзгөргөнү белгиленди.

“Жаңы тартипте шайлоо үчүн шайлоо жөнүндө тийиштүү мыйзам иштеп чыгуу жана кабыл алуу керек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ошонун негизинде жүргүзүлөт” деп айтылат президенттик администрациянын билдирүүсүндө.

Анда айтылгандай, депутаттарды жаңыча шайлоону жөнгө салуучу мыйзам долбоорун президенттин буйругу менен түзүлгөн мекеме аралык жумуш тобу иштеп чыккан жана ал 29-майда мамлекет башчынын сайтына коомдук талкууга коюлган. Жакында ал парламенттин кароосуна киргизилерин белгилеген президенттик администрация “Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жана күчүнө кириши Жогорку Кеңеш депутаттарын жаңы Конституция боюнча шайлоону дайындоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат” деп кошумчалады.

2020-жылдын 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG