Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Кулибаевдин Британиядагы хан сарайынын курулушу аяктады


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйө баласы, ишкер Тимур Кулибаев.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйө баласы, ишкер Тимур Кулибаев.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйө баласынын Британиядагы хан сарайынын курулушу аяктоодо.

Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын күйөсү Кулибаев бул мүлктү 15 миллион фунтка ханзаада Эндрюдан сатып алып, анын ордуна жаңы курулуш баштаган. Кулибаев ал үчүн суралган баадан үч миллион фунт ашыгыраак төлөгөн.

Хан сарайдын жалпы аянты 20 чарчы чакырым. Ичинде алты уктоочу бөлмө, спорт зал жана башка көңүл ачуучу жайлар бар. Азырынча бул хан сарайда ким жашары белгисиз.

Бул Кулибаевдердин тыш жактагы жалгыз мүлкү эмес. "Азаттыктын" казак кызматы буга чейин түгөйлөрдүн Испания, Швейцария жана Чехиядагы үйлөрү тууралуу жазган. Америкалык "Форбс" басылмасы Кулибаевдердин байлыгын 5,6 миллиард долларга баалаган.

Казакстандагы эң таасирдүү үй-бүлөлөрдүн бири бул байлыкты кайдан, кантип тапканы тууралуу үн ката элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG