Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Кыргыз-тажик атайын кызматтарынын башчылары Чоң-Алайда жолугат


Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов. Баткен 01.05.2021
Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов. Баткен 01.05.2021

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев тажикстандын кесиптеши Саймумин Ятимов менен Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында жолугат. Бул тууралуу Ташиев Чоң-Алайда эл менен жолугушууда билдирди.

"Президент баарын көзөмөлгө алып турат. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов бул жакка келе жатат. Келсе жолугуп, тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылабыз”, - деди Ташиев.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Чек ара кызматы тажикстандыктар чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайканын билдирди.

Ташиев 4-июнда эртең менен Чоң-Алай районуна чукул учуп барды.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG