Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Тажикстан Кыргызстандын элчисине нота тапшырды


Чоң-Алайда кыргыз-тажик чегинде жакын жерде тартылган сүрөт.
Чоң-Алайда кыргыз-тажик чегинде жакын жерде тартылган сүрөт.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын элчисине нота тапшырды. Бул тууралуу Тажикстандын "Азия-Плюс" сайты жазды.

Тажикстан кыргыз бийлигинин "тажик тарап чек ара боюнча макулдашууларды бузду" деген билдирүүсүн чындыкка дал келбейт деп атап, ага жооп иретинде Кыргызстандын Тажикстандагы элчисине нота тапшырган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тажик чек арачылары эки өлкө мурда тактаган, чийилген, протоколдо макулдашылган Тажикстандын аймагында турганын билдирген.

Бүгүн, 4-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Тажикстандын Бишкектеги элчисин чакырып, нааразылык нотасын тапшырган.

Нота Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагына тажик аскер кызматчыларынын жана аскердик техникасынын максаттуу ичкери кирип келишине карата тапшырылган.

ТИМ тараткан маалыматта эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн буга чейинки келишимдерине карабастан, "чыңалууну жоюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн качып, Тажикстан тарап чек ара өкүлдөрүнун кайрылуусуна жооп бербей жана байланышка чыкпай жаткандыгы" белгиленген.

Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.

Нааразылык нотасын тапшыруу учурунда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын деңгээлинде мурда жетишилген келишимдердин баары, ошондой эле 2021-жылдын 1-майындагы Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусунун протоколу бузулуп, чек ара аймагындагы кырдаалдын курчушуна алып баруучу кезектеги чагымчыл аракет болгону айтылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Чек ара кызматынын саат таңкы 6дагы маалыматына караганда, тажикстандыктар чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайткан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 4-июнда эртең менен Чоң-Алай районуна чукул учуп барды.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы тууралуу маалымат таратты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG