Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

КСДП фракциясынын лидерлиги Өмүрбек Бакировго өттү


Өмүрбек Бакиров
Өмүрбек Бакиров

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жана көпчүлүк коалициясынын лидери алмашты.

Жогорку Кеңештин депутаты КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов чет өлкөгө узак убакытка дарылануу үчүн кетип жатканына байланыштуу фракция лидерлигин убактылуу депутат Өмүрбек Бакировго, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын лидерлигин убактылуу “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловаго өткөрүп бергени тууралуу КСДП фракциясынын депутаттарына кат жолдоду.

Иса Өмүркулов былтыр октябрда жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен шайлоого катышкан. Ал көп жыл бою мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясий үзөңгүлөшү болгон. Кийин Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда Атамбаевден экс-президент макамын алууну колдогон.

КСДП лидери болгон Өмүрбек Бакиров 43 жашта. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы 2015-жылы шайланып келген. 6-чакырылыштын мөөнөтү 2020-жылы октябрь айында аягына чыкмак. Октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкканына байланыштуу 6-чакырылыш ишин улантууда.

2020-жылдын октябрь айынан бери Жогорку Кеңештин бир нече фракциясында лидерлер алмашты. "Кыргызстан" фракциясынын башына депутат Бейшеналы Нурдинов келсе, "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигине Сайдулла Нышанов шайланган.

Кечээ, 3-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы болуп депутат Тазабек Икрамов шайланды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG