Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Кыргызстан Унжу-Булак аймагы боюнча Тажикстандын билдирүүсүнө жооп берди


Кыргыз-тажик чек арасы. Чоң-Алай. Кыргызстан тараткан видеодон сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы. Чоң-Алай. Кыргызстан тараткан видеодон сүрөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинети Ош облусундагы Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак участогуна байланыштуу Тажикстан тараткан маалыматты четке какты. Министрлер кабинетинин билдирүүсү расмий сайтына жарыяланды.

Анда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүп жатканы, бирок, аны жазуу процесси жыйынтыктала электиги айтылат.

“Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы ортосунда аталган участокту жазуу тууралуу тийиштүү келишимге кол коюлган эмес, мунун өзү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тариздөө жыйынтыктала электигин билдирет. Натыйжада, аталган участокту Тажикстан Республикасы тарабынан макулдашуусуз ар кандай конструкцияларды жана контейнерлерди орнотуу аркылуу өздөштүрүү аракеттери коңшулук жана достук мамилелерге жатпайт жана мындан ары чек арага чектеш аймактардагы абалдын курчушуна алып келиши мүмкүн”, - деп айтылат.

Буга чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп бергенин Тажикстандын “Ховар” сайты жазган.

Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

“Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын протоколуна ылайык чек арачылар макулдашылган чек ара тилкелеринде турат. Экинчи тарабындагы Карамык ашуусунда Кыргызстандын чек ара бекети тийиштүү инфраструктурасы менен жайгашкан. Бул эки өлкөнүн чек арасында делимитация жана демаркация иштери аяктаганга чейин мамлекеттик чек араны эки тараптуу кайтаруу принцибин камсыз кылат”, - деп жазылган маалыматта.

Тажикстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык 986,7 км. түзгөн кыргыз-тажик чек арасынын 519,9 км. такталган. Тактала элек чек ара тилкесинин бири Шаты ашуусу. Аталган тилке боюнча эки тарап чек араны аныктоо жана өз сунуштарын берүү тууралуу сүйлөшкөн.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Чек ара кызматынын саат таңкы 6дагы маалыматына караганда, тажикстандыктар чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, 600 метр ары кайтты.

Кыргыз-тажик чек арасында соңку эки айда абал чыңалып турат. Буга 28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал себеп болду. Анда 36 кыргызстандык курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG