Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

АКШ Өзбекстанга вакцина жөнөтүшү мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Вашингтондун 80 миллион доза коронавируска каршы вакцинаны башка мамлекеттер менен бөлүшүү планынын алкагында, Өзбекстанга дагы препараттар жөнөтүлүшү мүмкүн.

Бул маселе Өзбекстандын Кошмо Штаттардагы элчиси Жавлон Вахабовдун АКШ вице-президентинин атайын кеңешчиси Лиза Сойер менен жолугушуусунда сөз болду.

Тараптар Өзбекстандын парламент спикери Танзила Нарбаева менен Американын вице-президенти Камала Харрис менен алдыда боолгонуп жаткан жолугушуусун да талкуулашты.

Өзбекстанда эмдөө 1-апрелде башталган. Учурда кошуна мамлекетте "AstraZeneca", "Спутник V" жана кытайдын "Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutical" препараттары жарандарга сайылып жатат.

Бул убакыт ичинде 1,3 миллион адам эмделди. Жыл соңуна чейин өкмөт 33,5 миллион калкынын 20% вакцинациядан өткөрүүнү пландоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG