Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Тоолуу Карабакта мина жарылып, эки журналист мерт болду


Тоолуу Карабакта мина жарылып, эки азербайжандык журналист жана бир жергиликтүү аткаминер набыт болду.

Азербайжандын Коргоо министрлиги билдиргендей, мина Калчабар районунда жарылган. Каза болгон Сирак Абисов мамлекеттик AzTV телеканалынын журналисти, ал эми Магеррам Ибрагимов AzerTag мамлекеттик агенттигинин кызматкери эле. Жардыруудан жергиликтүү аткаминер көз жууп, дагы төрт адам жарадар болду.

Былтыр күзүндө Түштүк Кавказдагы эки өлкө ортосунда Тоолуу Карабак анклавы үчүн алты жумалык согуш чыккан. 6900дөн ашык адамдын өмүрүн алган жаңжал Армения, Азербайжан жана Орусия кол койгон келишимден кийин басылган. Ага ылайык, Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келаткан жерлерди Азербайжанга кайтарган. Тынчтык келишиминин алкагында Орусиянын тынчтык күчтөрү Тоолуу Карабактын айланасына жайгаштырылган.

Эки апта мурда чек арада ок атылып, тараптар бири-бирин айыпташкан.

Азербайжандын маалыматына караганда, андан бери миналардын жарылышынан 15 жайкын турган мерт кетип, жүздөн ашууну жараат алышкан. Тоолуу Карабак мурдагы Советтер Союзунун аймагында эң көп мина коюлган жер катары саналат.

Тоолуу Карабак дүйнө жүзүндө Азербайжандын аймагы катары саналат. Бирок 1990-жылдардын башынан тарта жикчил армяндар көзөмөлдөп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG