Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:39

Чек ара кызматы: Баткенде бир аскер өзүн-өзү атып алды


Кыргызстандын жоокери. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандын жоокери. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү Баткен чек ара отрядынын 18 жаштагы катардагы жоокери (М.Д.) ок атуучу куралдан өзүн-өзү атып алганын кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жоокер милдеттүү аскердик кызмат өтөөгө быйыл жазда барган.

Окуянын себептери жана чоо-жайы иликтенип жатат. Тергөөнү Башкы прокуратуранын Аскердик прокуратурасы алып барууда.

1-июнда Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жаткан эки жоокер куралды этиятсыз колдонуудан улам жараат алышкан. Алардын бири ошол эле күнү, экинчиси 3-июнда каза болгон. Тийиштүү органдар бул факты боюнча жеринде териштирүү жүргүзүп жатышат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG