Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы: Чек арада тынчсызданууга негиз жок


Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык айылы. Кыштак Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан. Талаштуу Унжу-Булак тилкеси Карамык айылынын жогору жагында. 5-июнь, 2021-жыл.
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык айылы. Кыштак Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан. Талаштуу Унжу-Булак тилкеси Карамык айылынын жогору жагында. 5-июнь, 2021-жыл.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирет. Органдын билдирмеси президенттин сайтында жазылды.

Маалыматта айтылгандай, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул багытта тартылган күч органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялап жатат.

“Чек арадагы кырдаал көзөмөлдө, тартылган мамлекеттик органдар абалды күнү-түнү байкап турат. Чек арадагы кырдаал боюнча жарандардан келип жаткан көптөгөн кайрылууларга байланыштуу, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы учурда тынчсызданууга негиз жок экенин баса белгилейт. Түзүлгөн кырдаалды бир гана тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча иш-аракеттер улантылууда”, - деп айтылат билдирмеде.

Президент Садыр Жапаров быйыл 8-майда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жетекчилигине Марат Иманкулов дайындалган.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 5-июнь таңкыга карата Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагында абал салыштырмалуу туруктуу экенин маалымдаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин маалымдады. Кырдаал курчугандан улам Чоң-Алайдын чек аралаш аймактагы бир нече айылдары ичкериге эвакуацияланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыңалууга байланыштуу 4-июнда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги элчилерди чакырып, бири-бирине нааразылык ноталарын тапшырды. (ErN\MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG