Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

"Temirov LIVE" кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу журналисттик иликтөө жарыялады


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин табылган ок. Баткен, Кыргызстан. 2-май, 2021-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин табылган ок. Баткен, Кыргызстан. 2-май, 2021-жыл.

Болот Темиров баштаган иликтөөчү журналисттердин "Temirov LIVE" каналы 5-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы бир ай мурда болгон жаңжалды иликтеген видео иликтөө жарыялады.

Анда окуя Тажикстан тараптан атылган октон башталганы, негизинен кыргыз тараптагы гана үйлөр өрттөлгөнү, чатактын алдында коңшу өлкөгө курал-жарак ташыган учак конгону кабарланганы, тажик аскерлери көтөргөн куралдар алыскы өлкөлөрдөн алынып келингени тууралуу маалыматтар бар экени баяндалат. Тажикстан соңку жылдары чоң көлөмдөгү курал-жарак сатып алганы сандар менен көрсөтүлөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG