Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Таласта 19 жаштагы жигит атып кеткен окуучу кыз жерге берилди


Нурайым Талипованын тажиясы. Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылы. Талас, Кыргызстан. 5-июнь, 2021-жыл.
Нурайым Талипованын тажиясы. Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылы. Талас, Кыргызстан. 5-июнь, 2021-жыл.

Талас облусунда 19 жаштагы жигиттин колунан мерт болгон 18 жаштагы Нурайым Талипова өзү туулуп-өскөн Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында 5-июнда жерге берилди.

Маалыматка ылайык, ал быйыл жаңы эле мектепти бүтүп, Бишкекке окууга тапшырганы турган.

Кыздын сөөгү 4-июнда токтоп турган автоунаанын ичинен табылган. Текшерүү учурунда ал ушул айылдын 2003-жылы туулган тургуну экени жана ок атуучу куралдан жараат алганы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары коңшу Кара-Суу айылынын 19 жаштагы тургунуна (А.Т.) издөө жарыяланган. Анын сөөгү 5-июнда асылган абалда табылган.

Кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу дагы бир жаран Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүгүнө жеткирилген. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Кененирээк макаладан окуңуз:

Кыргызстанда бул кыздардын өмүрүнө кол салган биринчи учур эмес. Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде 27 жаштагы Айзада Канатбекова никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалып, зордукталып өлтүрүлгөн. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев Айзада Канатбекованы футболка менен муунтуп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген.

2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган. (MKt\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG