Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Евробиримдик Facebook компаниясынын маалыматтарды колдонгонун иликтейт


Facebook компаниясынын логотиби.
Facebook компаниясынын логотиби.

Еврокомиссия Facebook компаниясына карата антимонополдук иликтөө иштерин баштады. Алар корпорацияны колдонуучулардын маалыматтарын мыйзамсыз пайдаланып жатат деп шек саноодо.

Комиссия компания социалдык түйүндүн колдонуучулары жөнүндө жарнама берүүчүлөрдөн алган маалыматты алар менен атаандашуу үчүн колдонуп жатабы деген суроого жооп издейт.

Тергөөнүн алкагында Facebook Европа Биримдигинин(ЕБ) эрежелерин бузуу менен Marketplace аттуу сервис менен байланышы барбы же жокпу деген маселе да иликтенет.

Еврокомиссия иликтөө боюнча корпорациянын өзүн жана ЕБдин бардык мүчөлөрүн кабардар кылды. Териштирүүнүн мөөнөтү мыйзамда аныкталган эмес.

Еврокомиссиянын атаандаштыктын төрт түрүн коргоодо иликтөө укугу бар. Мекеме быйыл мартта Apple компаниясын санариптик контенттерди жаратуучулар арасында башкаларга үстөмдүк кылып жатат деп айыптаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG