Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Чоң-Алай: Эвакуацияланган эл үйлөрүнө кайтты


Карамык айылы. Чоң-Алай району. Ош облусу. 5-июнь, 2021-жыл.
Карамык айылы. Чоң-Алай району. Ош облусу. 5-июнь, 2021-жыл.

Чоң-Алайда коопсуздук үчүн район борборуна эвакуацияланган эл үйлөрүнө кайтышты. Бул маалыматты райондун акими Темирболот Абыкеев "Азаттыкка" билдирди:

"Беш айылдын эвакуацияланган эли бүт бала-бакырасы менен өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышты. Аларды Дароот-Коргондун тургундары автоунаалары менен жеткирип коюшту. Аймакта абал тынч. Мен өзүм бүгүн да Карамыкка келдим. Эл мал-жанын жайлоого жайып, күнүмдүк жашоосун кадимкидей кечирүүдө".

Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн Жекенди, Кара-Тейит, Кара-Мык, Чулук, Шибе айылдарынын тургундары 4-июнь күнү коопсуздук максатында райондун борборуна эвакуацияланган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин маалымдады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыңалууга байланыштуу 4-июнда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги элчилерди чакырып, бири-бирине нааразылык ноталарын тапшырган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов 5-июнда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн мамлекеттик комиссиясынын жетекчилери катары биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Ага ылайык, эки тарап тең чек ара постторун өзүнүн аймагына карай 3 километрге жылдырат. Аскерлер жана аскердик техникалар мурунку ордуна кайтарылат жана аймактагы жайыттар орток пайдаланылмакчы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай талкаланып, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш объектиси жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG