Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек ара жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алышты


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялардын жолугушуусу. 5-июнь, 2021-жыл.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялардын жолугушуусу. 5-июнь, 2021-жыл.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн мамлекеттик комиссиясынын жетекчилери катары 5-июнда биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Алардын билдирүүсүнүн тексти өкмөттүн сайтында жарыяланды.

“2021-жылдын 5-июнунда мамлекеттик чек аранын “Карамык” тилкесинин 12/9 чекитинде тараптардын Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларынын жумушчу жолугушуусу өттү. Тараптар аталган чекитте жаралган кырдаал тынчтык жолу менен чечилгенин кабарлашат”, - деп айтылат анда.

Ташиев менен Ятимов соңунда төмөнкүдөй мазмундагы протоколго кол коюшту.

- Чек ара постторун ар бир тарап өзүнүн аймагына карай 3 километрге жылдыруу;

- Аскерлерди, аскердик жабдууларды өздөрүнүн ар дайым жайгашкан жерине кайтаруу, чек ара топторунун штаттык бөлүмүн гана калтыруу;

- Ушул тилкедеги жайыттарды пайдалануу боюнча чечим кабыл алынды;

- Мамлекеттик чек арадагы бардык аракеттер эки тараптын төрагаларынын алдын ала макулдашуусу менен жасалышы керек;

- Тараптардын чек ара кызматкерлери жүрүм-турум линиясын сакташы керек;

- Массалык маалымдоо каражаттарына мурда кол коюлган протоколдордун алкагында, эки тараптан макулдашылган маалыматтарды гана берүү;

- Топографиялык жумушчу топтордун жетекчилерине Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы №12\2 чекитинен №12\9 чейинки аралыкты кыска мөөнөттө тактоону аяктоо тапшырмасы берилди;

- Тараптар чек ара аймактарындагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- Тараптар ушул протоколдун пункттарын катуу сактоону макулдашты;

Протоколго Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол койгон. Алар 5-июнда кыргыз-тажик чек арасынын нейтралдуу аймагында кездешти.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин маалымдады.

Кырдаал курчугандан улам Чоң-Алайдын чек аралаш аймактагы бир нече айылдары ичкери карай эвакуацияланган. Соңку келишимден кийин аскерлер өз ордуна, жашоочулар жашаган жерлерине кайтарылып жатканы маалымдалды. (ErN\MrA)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG