Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

COVID-19: 337 жаңы учур катталды


Бишкектеги троллейбуска чапталган эскертме. Июнь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги троллейбуска чапталган эскертме. Июнь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы штабдын маалыматына караганда, 6-июнга карата вирус дагы 337 адамга жукканы лабораториялык жактан тастыкталды. Алардын ичинен:

Бишкекте - 126;
Ош шаарында – 62;
Чүй облусунда – 36,
Ош облусунда – 45,
Талас облусунда – 1,
Нарын облусунда – 5,
Ысык-Көл облусунда – 21,
Жалал-Абад облусунда – 33,
Баткен облусунда – 8 киши жаңы катталды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 106 973 адамга жетти.

Акыркы суткада оорудан 5 киши көз жумду. Төртөө Бишкекте, бирөө Чүй облусунда катталды. Илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1 847 адамга жетти.

6-июнга карата 333 адам оорудан сакайды. Жалпы 100 447 адам айыкты. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG