Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

Чек арадагы жаңжалда жабыркаган 100 бала Ысык-Көлдө эс алууда


Ак-Сай айылындагы өрттөнүп, кыйраган үйдүн фонунда тартылган сүрөт. Баткен району. Июнь, 2021-жыл.
Ак-Сай айылындагы өрттөнүп, кыйраган үйдүн фонунда тартылган сүрөт. Баткен району. Июнь, 2021-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын Ысык-Көлдө эс алдыруу уланууда. 5-июнда чек ара аймактарынан чогулган 100 бала жана 15 мугалим Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга жеткирилип, жайгаштырылды. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, бул жолку эс алууну Министрлер кабинети уюштурган.

Буга чейин да Баткен облусунан биринчи этапта 146, экинчи этапта 70 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлгөн. Аларды эс алууга жиберүүгө "Роза Отунбаеванын демилгелери тобу" коомдук тобу жана башка коомдук уюмдар салым кошкон.

28-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажик тарап 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганын билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандагы чектеш аймакта жол, суу жана жер маселесине байланыштуу тез-тез чыр чыгып турат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG