Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Аксайлыктар Садыр Жапаровдон тынчтыкты камсыздап берүүнү суранышты


Ак-Сайдагы жолугушуу. 28-май, 2021-жыл.
Ак-Сайдагы жолугушуу. 28-май, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылынын тургундары менен чектеш аймактагы көйгөйлөрдү талкуулады. Мамлекет башчысы аталган кыштакка 28-майда барганы расмий кабарланды.

Тургундар социалдык көйгөйлөр арбын экенин, бирок азыркы учурда эң башкысы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо экенин билдиришти.

"Мамлекет Баткен облусунун тургундарына мындан ары дагы жакындан көңүл бурат, мен күч-аракетимди чек ара коопсуздугун камсыз кылып, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жумшайм. Бул багытта чаралар көрүлдү, мамлекеттер аралык өкмөттүк комиссиялар иштеп жатат", - деди президент.

Ак-Сай - чек арадагы соңку жаңжалда жабыркаган айылдардын бири.

Садыр Жапаров Баткен облусуна эки күндүк иш сапар менен 27-майда барган. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдарда эл менен жолугушууда.

28-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажик тарап 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганын билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандагы чектеш аймакта жол, суу жана жер маселесине байланыштуу тез-тез чыр чыгып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG