Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:20

Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялады


Аскер прокуратурасы “Элит Хаус” компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевге издөө жарыялады.

Башкы прокуратуранын өкүлү Чолпон Абдимомунова билдиргендей, ал коррупцияга, Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шек саналууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-майда ишкердин бөгөт чарасын карап, камакка алууга сыртынан чечим чыгарган. Файзиевдин ушул тапта кайда экени белгисиз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл январда Бишкек шаарындагы архитектуралык курулуш көзөмөл тармагында тийиштүү документтери жок көп кабаттуу үйлөрдү куруу фактысын аныктаганын билдирген.

Текшерүүдө ири курулуш компанияларынын бири узак убакыт бою мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп келгени аныкталган.

УКМК кине коюлуп жаткан мамлекеттик органдын, андагы жооптуу кызматкерлердин жана ири курулуш компаниянын атын ачыкка чыгарган эмес. Бирок маалыматка "Элит Хаус" курулуш компаниясына таандык турак жай курулуштарынын сүрөттөрү тиркелген.

Аталган компания Файзиев августта жетекчиликтен кеткенин жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG