Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Жаңжалда курман болгон үч чек арачыга "Эрдик" медалы ыйгарылды


Чек ара чырында каза болгон Нурсултан Манасбек уулу, Бекзодбек Юлдашев жана Эсентур Кубанычбеков.
Чек ара чырында каза болгон Нурсултан Манасбек уулу, Бекзодбек Юлдашев жана Эсентур Кубанычбеков.

Бүгүн, 28-майда президент Садыр Жапаров 28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон чырда эрдик көрсөткөн жана курман болгон чек ара кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу тууралуу жарлыкка кол койду.

Президенттин расмий интернет баракчасына чыккан кабарга ылайык, аскердик парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн курман болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитандары Эсентур Кубанычбеков, Нурсултан Манасбек уулу жана прапорщик Бекзодбек Юлдашевге "Эрдик" медалы ыйгарылат.

28-май күнү белгиленүүчү чек арачылардын кесиптик майрамына байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаров жолдогон куттуктоодо бул офицерлердин эрдиги унутулбай турганын белгилеген.

"2019-жылы чек арада курман болгон прапорщик Равшан Муминовдун азасын кыргыз эли унута электе, кечээги эле чек арадагы каргашада капитан Манасбек уулу Нурсултандын, капитан Кубанычов Эсентурдун, прапорщик Юлдашев Бекзодбектин каармандыгы түбөлүк эсибизде сакталат. Ушундай уулдары бар үчүн Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготпойт".

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Каза болгондордун үчөө чек ара кызматкерлери болгон.

Тажик тарап 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганын билдирген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG