Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

Армениянын министри чек арадагы чыңалуудан улам кызматтан кетти


Армениянын тышкы иштер министри Ара Айвазян. 26-апрель, 2021-жыл.
Армениянын тышкы иштер министри Ара Айвазян. 26-апрель, 2021-жыл.

Армениянын тышкы иштер министри Ара Айвазян кошуна Азербайжан менен чек арадагы чыңалуу күч алганына байланыштуу 27-майда кызматтан кетти. Анын бул кызматка дайындалганына алты ай болгон. Айвазян бул чечиминин себебин түшүндүргөн жок.

Бир күн мурда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Никол Пашинян Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып армян-азери аскерлери соңку эки жумадан бери тирешип жаткан чек аранын талаштуу аймактарына эл аралык байкоочуларды жайгаштырууга чакырды.

Буга чейин «Грапарк» деген еревандык басылма Пашиняндын чек араны демаркациялоо боюнча Азербайжан жана Орусия менен үч тараптуу макулдашуу түзүү тууралуу долбооруна Айвазян каршы чыкканын жазган.

52 жаштагы дипломат мурда Армениянын Мексикадагы жана Европанын башка мамлекеттериндеги элчиси болгон.

Былтыр күзүндө Түштүк Кавказдагы эки өлкөнүн ортосунда Тоолуу Карабак анклавы үчүн алты жумага созулган согуш чыккан. 6900дөн ашык адамдын өмүрүн алган жаңжал Армения, Азербайжан жана Орусия кол койгон келишимден кийин басылган. Ага ылайык, Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келген жерлерди коңшу өлкөгө кайтарган. Тынчтык келишиминин алкагында Орусиянын тынчтык күчтөрү Тоолуу Карабактын айланасына жайгаштырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG