Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Тажикстандын үч жараны Чоң-Алайдагы чек арадан өтүүгө аракет кылышкан


Чоң-Алай району
Чоң-Алай району

Ош облусунун Чоң-Алай районунда Тажикстандын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн "Азаттыкка" билдиришти.

"Кармалган үч жаран Бишкектен такси менен келип, Чоң-Алайдын Кара - Тейит айылынын жайыттары аркылуу Тажикстанга өтүүгө аракет кылышкан. Жергиликтүү тургундар аларды сураганда үч жарандын экөөндө тек-жайын ырастаган документ болгон эмес. Ошондуктан алар тажик жарандарын укук коргоо кызматтарына өткөрүп беришкен" , - деди Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, кайсы бир убакытка чейин болушуна, ары-бери жүрүшүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүшүнө "убактылуу чектөө" киргизилген. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов муну чек арага байланыштуу маселелер менен түшүндүргөн.

26-майда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Кыргызстанга барбай же кошуна өлкө аркылуу каттабай турууга чакырды.

Бишкектин коңшу мамлекет менен чек араны жабуу аракети Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу жаңжалдан кийин орун алды. Кыргыз коомчулугу кандуу окуядан кийин бийликтен коңшу өлкө менен чек араны жаап, соода-сатыкты токтотууну, аткезчиликти тыюуну талап кылган.

28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгон. (MrA)

XS
SM
MD
LG