Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Медакадемиянын жамааты жана студенттери ректор шайлоого байланыштуу нааразылыкка чыгышты


Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында ректор шайлоонун токтотулушуна байланыштуу эмгек жамааты жана айрым студенттер нааразылыкка чыгышты. 28-майдагы акцияга катышкандар шайлоону убагында өткөрүү талабын коюшту.

Ректор шайлоо 29-майда өтмөк. Жамааттын белгилешинче, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчылыгына шайланган Калысбек Шадыханов шайлоону токтоткон буйрук даярдаган.

Ондогон адам катышкан митингге катышкандар буйрукту жокко чыгаруу өтүнүчү менен өлкө президентине кайрылуу жазышты. Алар шайлоо ирээти менен өз убагында өтүшү керек деп эсептейт.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы мекеменин буйругу жума күнү жарыяланганын "Азаттыкка" тастыктады. Расмий маалыматта шайлоо өткөрүү убактылуу токтотулганын, башынан уюштуруу иштери жүргүзүлө баштаганы айтылат. Бирок шайлоону токтотуунун себептери ачык маалымдалган эмес.

Ректорлук кызматка ошол жерде эмгектенген Эркин Алымбаев, Зиябидин Айдаров, Жолдош Шаршембиев жана Индира Кудайбергенова ат салышып жаткан.

Буга чейин Кудайбергенова ректор болуп иштеген. Кайра талапкерлигин койгондон соң ректордун милдетин Андрей Сопуев аткарып келет.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы 1939-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институту болуп уюшулган. 1996-жылы академия болуп өзгөртүлгөн. Окуу мекемесинин ректорун төрт жылда бир окуу жайдын жамааты шайлайт.

Айрым маалымат каражаттары Медакадемиядагы кезектеги ректор шайлоо жараянын жеке кызыкчылыктардын кагылышы коштоп жатканын жазышкан. Ал жердеги окутуучулук курамда миңдей адам иштейт, 10 миң студент бар.(KAz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG