Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Коронавирустан дагы жети адам каза болду


Бишкектеги коомдук унаада жазылган коопсуздук эрежеси.
Бишкектеги коомдук унаада жазылган коопсуздук эрежеси.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 28-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 7 адам каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1788 кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада дагы 283 кишиден аныкталды.

Расмий маалымат боюнча ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны 103 866 адам жугузуп алды.

Жалпы айыгып чыккандардын саны 97 542 болду.

Учурда 1658 киши стационарда дарыланып жатат. 1854 адам үйүнөн дарыланууда.

Бир сутка ичинде беш медициналык кызматкерге вирус жукту. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4637 учур катталды, алардын ичинен 4560 медкызматкер сакайды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG