Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Таласта "Атлах" салгылашуусуна арналган монумент ачылды


"Атлах" салгылашуусуна арналган монумент.
"Атлах" салгылашуусуна арналган монумент.

27-майда Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында "Атлах" салгылашуусуна арналган монумент ачылды.

Бул эстеликти коюунун максаты ушул аймакта "Атлах" салгылашуусу болгонун тастыктоо жана туристтерди тартуу болуп саналат. Монумент KOICA уюмунун каржылык колдоосу менен ишке ашкан. Мындан сырткары аталган уюм облус аймагында туристтик шартты жакшыртуу боюнча бир катар долбоорлорду иштетет.

"Атлах" салгылашуусу 751-жылы Талас дарыясына жакын Атлах шаарынын жанында өткөн жана ал дүйнөлүк 10 чоң салгылашуулардын бирине кирет. Анда Кытайдын Тан династиясы менен Араб халифатынын аскерлеринин согушу болгон. Жыйынтыгында Тан династиясы жеңилип, Араб халифаты жеңишке жетишкен. Борбор Азияда ислам дининин жайылышына дал ушул салгылашуунун орду чоң экени айтылат. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG