Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев каза болду


Алишер Мамасалиев.
Алишер Мамасалиев.

27-майда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын санаалаштары кабарлады.

Алишер Мамасалиев 48 жашта болчу. Ал акыркы маалда ооруп, чет мамлекеттерде дарыланып жүргөн. 1973-жылы Бишкек шаарында туулган.

1997-1999-жылдары Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) “Замана” студиясында журналист болуп иштеген. 2003-жылы жаштардын “Алико” бейөкмөт уюмун жетектеген.

2006-жылы “Кел-Кел” жаштар кыймылын башкарып, 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2015-жылы парламенттик шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен катышып, бирок ден соолугуна байланыштуу тизмеден чыкканы кабарланган.

Мамасалиев коомдо болуп жаткан саясий-социалдык маселелер тууралуу такай өз оюн билдирип, ар кандай иш-чараларга активдүү катышып жүрчү.

"Азаттык" радиосу маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

"Азаттыктын" архивинен (13-декабрь, 2019-жыл)

Соттук доолор сөз эркиндигине басымбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:49:38 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG