Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

Анкарада Садыр Жапаровдун Түркияга сапары талкууланды


Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу.
Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу.

Садыр Жапаровдун Түркияга жасай турган расмий иш сапарына даярдык көрүлүүдө. Датасы азырынча айтыла элек.

26-май Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушканы расмий кабарланды. Алар Жапаровдун жакын арага пландалган сапарын жана эки өлкө ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешинин бешинчи жыйынын Анкарада өткөрүүнү макулдашты.

Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу быйыл 10-мартта Бишкекке расмий сапар менен келип кеткен.

XS
SM
MD
LG