Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Муфтий шайлоого байланыштуу курултай 26-июнга жылды


Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы (муфтияттын) имараты.
Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы (муфтияттын) имараты.

Бүгүн, 27-майда Аалымдар Кеңешинин жыйынында өлкөдөгү пандемиялык абалдан улам Кыргызстан мусулмандарынын курултайын 26-июнга жылдыруу, Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын курамын өзгөртүү боюнча чечими кабыл алынды.

Муфтияттын уставындагы эрежеге ылайык, Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна жана Муфтийликке талапкерлер кайра көрсөтүлүп, сынактан өтүшөт.

Буга чейин Муфтийликке алты, Борбордук текшерүү комиссиясына төрөгалыгына 13 талапкер катталган. Ал эми 21 мүчөсү бар Аалымдар кеңешинин курамына кирүү ниетин 49 киши билдирген. Сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.

Быйыл 10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG