Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Садыр Жапаров Баткенде убактылуу жайда баш калкалаган эл менен жолукту


Садыр Жапаров Баткенде эл менен жолугушууда. Баткен.  Ак-Татыр айыл аймагы, 27-май, 2021-жыл
Садыр Жапаров Баткенде эл менен жолугушууда. Баткен.  Ак-Татыр айыл аймагы, 27-май, 2021-жыл

Президент Садыр Жапаров 27-майда Баткен облусуна жасаган иш сапары учурунда Ак-Татыр айыл аймагындагы чек ара окуяларында жабыркаган жарандар убактылуу жашаган жайга барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Эл менен жолугушууда президент калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын, жакында алар жаңы, заманбап үйлөргө көчүрүлөрүн айткан.

Баарлашуу учурунда жашоочулар айылдарга зарыл болгон инфраструктураны — бала бакча, спорт аянтчасы, маданий борбор, төрөт үйү, мектеп жана башка социалдык объектилерди куруп берүүнү өтүнүшкөн.

Андан соң президент Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушту.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Баткен районундагы «Орто-Боз» чек ара тозотуна да барып, аскердик кызматтын шарттары жана аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушун көргөнүн билдирди.

Андан соң Садыр Жапаров Лейлек жана Баткен райондорун бириктирүүчү 44,1 чакырымды түзгөн Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун курулушу менен таанышканын кабарлады.

Маалыматта бул жол Баткен районунун 17 айылынын тургундарынын Лейлек районунун Исфана шаарына бир топ кыска жол менен барышын камсыз кылат.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна 27-майда барган. Ал алгач Лейлек районунун Максат айылына барды. 100 орунга эсептелген эки кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты.

Ошондой эле чек арадагы Борбордук айылында 225 окуучуга ылайыкталган мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды. Мындан тышкары Лейлек районундагы «Жаңы-Жер» чек ара тозотунда болгону кабарланды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуя учурунда талкаланган үйлөрдү, социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштерине мониторинг жүргүзгөн топ Баткенде башкалкасыз калгандар арасында курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты, жардамдар боюнча нааразылык бар экенин билдирген.

28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алды.

Чыр-чатак аймактагы талаштуу жерлерге, сууга байланыштуу тутанган.

Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак жай толугу менен талкаланган. Анын 46сы Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан.

Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген. Тажикстандын Согд облусунда 14 турак-жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG