Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Зидан "Реал" клубунан кетти


Мадриддин "Реал" клубунун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан келишими 2022-жылга чейин түзүлгөнүнө карабай кызматынан кетти. Өткөн жумада аны иштен кетиришкени тууралуу кабарлар тараган, бирок Зидан өзү маалыматты төгүндөгөн. Кээ бир маалымат каражаттары анын ордуна италиялык "Ювентус" клубунун мурдагы машыктыруучусу Массимилиано Аллегри келерин жазышты. Бирок маалымат расмий бышыктала элек.

2020-2021-жылдардагы сезондо Зидандын жетекчилиги астында "Реал" Испаниянын чемпионатында "Атлетико" клубунан кийинки 2-орунду ээлеген. Өлкөнүн кубогу үчүн күрөштө биринчи баскычтарда эле утулуп калган.

48 жаштагы Зидан "Реалды" 2016-жылы машыктыра баштаган. Эки жылдан кийин өз каалоосу менен кетип, 2019-жылдын мартында кайтып барган. Ал машыктырган жылдары "Реал" Чемпиондор Лигасын 3 жолу катары менен жеңген.

2017-жылы Футболдун эл аралык федерациясы Зиданды эң мыкты машыктыруучу деп атаган.

Ал 1998-жылы Франциянын улуттук командасынын курамында дүйнө чемпиону болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG